29

Апрель

2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ ДАП ортосунда Азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну жакшыртуу боюнча кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 2018-жылдын 28-апрелинде Бириккен Улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) Кыргыз Республикасында 2018-2022-жылдарга каралган Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова катышты, БУУ ДАП тараптан документке программанын өлкөлүк директору Андреа Баньоли кол койду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алтынай Өмүрбекова тийиштүү министрликтер тарабынан БУУ ДАП менен кызматташтыкта ишке ашырылып жаткан долбоорлордун оңдуу жыйынтыктарын белгиледи.

«Меморандумга кол коюуда биз мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, эл аралык жана коомдук уюмдарды тутумдук координациялоодо Кыргызстандын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга жетишебиз деп ишенебиз. Атап айтканда, өзгөчө кырдаалдарда жергиликтүү жана толук кандуу азык-түлүккө туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоодо, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү тамак-аш менен камсыздоону жакшыртууда жылыштар болооруна үмүт артабыз. Мындан тышкары, кызматташтыктын алкагында биз ресурстарды үнөмдөө маданиятын киргизүү, аз камсыздалаган үй-бүлөлөрдө киреше берүүчү ыкмаларды калыптандыруу аркылуу аларды активдүү колдоого алуу чараларын киргизебиз», - деди вице-премьер-министр.

Маалымдама:

2018-2022-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ ДАП Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашырат, анын негизги артыкчылыгы катары азык-түлүк коопсуздугунун абалын жакшыртуу, мектеп тамактануусун оптималдаштыруу, ошондой эле климаттын өзгөрүү шартында айыл чарбасындагы эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу айыл жергесиндеги тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу саналат.

Аталган иш аракеттер планы КР Өкмөтү тараптан өткөн жылы жүргүзүлгөн жакырчылык жана азык-түлүк коопсуздугунун абалы боюнча талдоолорго негизделген. Өлкөлүк стратегиялык план экономикалык өсүштү жана социалдык бакубаттуулукту камсыздоодогу улуттук артыкчылыктарга дал келет жана Туруктуу өнүгүү максаттарынын «2030-жылга карата нөлдүк ачкачылыкка жетишүү» 2-Максатына жана «Туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк» аттуу 17-Максатына жетишүүгө өбөлгө түзөт.

[su_carousel source="media: 116044,116045,116043,116046,116039" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү