12

Март

2018

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин терагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу Медербек Курманбековго жүктөлдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-мартта кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы белгиленген тартипте дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Курманбеков Медербек Темирбековичке Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү