17

Май

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Рамазан айынын башталышы менен куттуктоосу

«Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу момун мусулмандар!

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Улуу Рамазан айынын башталышы менен куттуктайм!

Рамазан айынын ыйык күндөрү ар бир мусулман өзүнүн аткарган парзы менен Жаратканга сыйынып, аруу тилектерин айтып, жаркын келечекке карай үмүт артат. Баарыңыздарга жакшылык, элибизге ынтымак жана жаратмандык, өлкөбүздө тынчтык жана өнүгүү тилейбиз.

Орозоңуздар кабыл болсун!»

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү