14
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Энелер күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун тексти:
“Кымбаттуу энелер, асыл апалар! Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Энелер күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Бул күн очок ээси, үйдүн куту энелердин ыйыктыгын, асылдыгын жана эне мээримин дагы бир ирет даңазалап, өзгөчө жылуу сөздөрдү арноого мүмкүндүк түзөт. Эненин жүрөгү менен улуттун наркы сакталып, муундан муунга берилет.
Энелердин, дегеле аялзатынын бекем ден соолугу – бул мамлекеттин байлыгы, түптүү келечеги. Өкмөт кабыл алып жаткан чечимдердин дээрлик көпчүлүгү эне менен баланын бакубаттулугун камсыздоого багытталышы – негизги милдетибиз.
Сүйүктүү апалар! Сиздер бар биздин дүйнөбүз түгөл. Жашообузда энелердин бактылуу, балдардын кубанычтуу күндөрү көп болсун! Уул-кыз, небере-чөбөрөнүн камкордугунда алардын жакшылыгына, ийгилигине күбө болуп, узак өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин!
Бардык энелерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кең келечек каалайм.
Кыргызстаныбызда тынчтык болуп, эне менен баланын бактылуу күлкүсү ар бир үйдө жаңырып турсун!
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри С. Жээнбеков”.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү