05
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды “Манас” күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, 4-декабрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөн “Манас” күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан иш-чара катышуучуларын “Манас” эпосуна арналган күн менен куттуктады. Премьер-министр материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана изилдөө, Кыргызстан элдеринин руханий кайра жаралышына, андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү, ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу, муундардын жолун улантуучулуктун, улуттук жана тарыхый каада-салттарды сактоо – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги милдеттери экенин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдарга улуттук программа кабыл алынганын эске салды. Улуттук программанын алкагында бир катар иш-чаралар ишке ашырылып жатат: - “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарын коргоо жөнүндө” Мыйзам кабыл алынды; - илимий изилдөө иштери жүргүзүлүп, Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурастарынын Улуттук тизмеси даярдалды; - “Манас изилдөө”, “Манас таануу” окуу программалары иштелип чыгып, окуу жайларга киргизилди; - Республиканын бардык аймактарында жаш манасчылардын, дастанчылардын студия-мектептери, өнөрканалары түзүлүүдө; - “Манас” эпосун жайылтууга багытталган илимий-агартуучу, басма, билим берүү иштери жүргүзүлүп жатат; Булардан тышкары Улуттук программада “Манас” эпосу жана кенже эпостор жөнүндө документалдуу, анимациялык фильмдерди тартуу, материалдык эмес маданий мурастар жөнүндө, “Манас” эпосу тууралуу телеберүүлөрдүн циклин жаратуу сыяктуу иштер аткарылууда. «2015-жылы Өкмөт атайын токтомдун негизинде 4-декабрды – “Манас” эпосун белгилөө күнү деп бекиткен. 2015-жылы дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы үчүнчү жолу өлкөбүздө өткөрүлгөнү – Кыргызстанды эпостордун өлкөсү катары дүйнөгө таанытты. Ал эми 2016-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – дүйнө элдеринин ортосундагы достукту жана ынтымакты бекемдеген, кыргыз элинин бай тарыхын, маданиятын жана өнөрүн дүйнөгө даңазалаган уникалдуу иш-чара болуп калды. Дүйнө элдери баасын берип, эпосубуздун эки жолу ЮНЕСКОдо бүткүл адамзаттын оозеки мурастарынын шедеври катары таанылганы жөн эмес», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Ошондой эле өкмөт башчы “Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун тизмесиндеги дүйнөлүк маданияттын казынасына кошулушунда – “Манас” эпосун жар салган азыркы манасчылардын эмгеги зор экендигин баса белгиледи. «“Манасты” Манас кылып турган кудуреттүү, касиеттүү сыр – дал ушул манасчылык өнөрдүн маңызында жатат. Манас угуп отурган адам манасчылык өнөр – көркөм өнөрдүн атасы экендигин сезет. Элибиздин уюткулуу өнөрү болгон “Манас” эпосунун сан миң сабын боюна батырган манасчылар улуттун өзөгүн кармап турат. Өлкөбүздө үчүнчү ирет манасчылар 7 күн, 7 түн манас айтып, Сагымбай, Саякбай өңдүү залкарларыбыздын көчүн улап, сөзүн курап келе жаткан бүгүнкү замандын манасчыларына жана “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун президенти Саматбек Ибраевге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирем», - деди Премьер-министр. Ал “Манасты” жайылтуу боюнча манасчылар менен Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев баштаган жазуучулар жасап жаткан жакшы саамалыктар – эл арасында “Манас” дүйнөсүнө кызыккандардын катарын көбөйттү, жарандарыбыздын духун көтөрдү деген пикирин билдирди. «Улуу мурасты бизге жеткирген залкар манасчылардын варианттарын китеп кылып жарыкка чыгарып, фильмдерди тартуу менен Сиздер кыргыз элинин келечеги үчүн ат көтөргүс зор эмгек жасап жатасыздар. Тили жаңы чыккан наристе баладан жаш өспүрүмдөргө чейин жарыша “Манас” айтып жатышканы улуу Манас руху кыргыз барда, кыргыз тили жашап турганда эч качан өксүбөй, урпактардын жүрөгүндө түбөлүккө сактала берерин айдан ачык көрсөтүп турат», - деп жыйынтыктады Премьер министр. Соңунда Өкмөт башчы улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана жайылтууга өзгөчө эмгек сиңирген салымы үчүн бир катар манасчыларга өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.
[su_carousel source="media: 86160,86161,86162,86163,86164,86165,86166,86167,86168"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү