22

Ноябрь

2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы - Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо тексти:

«Урматтуу прокуратура кызматкерлери! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.

Прокуратура – бул адам оор мүнөттө кайрылган орган. Жарандар мындай учурда дайыма колдоо табарына, ал эми алардын мыйзамдуу талаптары ишенимдүү корголо тургандыгына терең ишенүүгө тийиш.

Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, мамлекетте мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуу жана укук тартиптерди бекемдөө – Сиздердин негизги ишиңиздер.

Акыркы жылдары прокуратура органдары республиканын өнүгүшүндө бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоого олуттуу салым кошуп, мамлекеттин таянычы болуп келүүдө.

Өлкөнүн калыптануусуна жана өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн бардык прокуратура кызматкерлерине жана ардагерлерине ыраазычылыгымды билдирем.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, үй-бүлөңүздөргө бакубаттуулук жана бардык жакшылыктарды каалайм».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү