30

Апрель

2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун 1-Май - Эмгек майрамы менен куттуктоосу

Өкмөт башчынын куттуктоосунун тексти:

“Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди 1-Май майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

1-Май – элибиз урматтаган майрам. Анткени эмгек - адамзаттын гүлдөп өнүгүшүнө даңгыр жол ачат. Ак эмгек гана адамды көкөлөтүп, сый-урматка бөлөйт. Мамлекетти гүлдөтүп, өнүгүүнүн бийик сересине жеткирет.

Тынчтыктын жана Эмгектин майрамы түрдүү кесиптеги, бардык курактагы адамдардын башын бириктирип, байгер турмушка илгери үмүт улайт.

Быйыл Кыргызстан үчүн өзгөчө жыл. 2016-жыл – Тарых жана маданият жылы деп жарыяланды. Мамлекетибиз эгемендиктин чейрек кылымдык татаал жолун басып, Евразиялык экономикалык бирликке кошулуп, келечекке дагы бир ишенимдүү кадам таштады. Ушул шартта ар бирибиз шымаланып эмгектенип, балдарыбыздын, неберелерибиздин, жакын адамдарыбыздын жакшы турмушун камсыз кылууга умтулуубуз мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн бекем негизи болуп саналат.

Биздин эң башкы тилегибиз —  ынтымак. Мамлекетте тынчтык жана биримдик болушун каалайбыз. Ар бир адамдын эмгеги татыктуу бааланып, кубаныч жана бакубат жашоо алып келсе деп аракет кылабыз.

Кымбаттуу мекендештер!

Жаздын, тынчтыктын жана эмгектин жаркын майрамы кут болсун!

Ар дайым жасаган ак эмгектен баар таап, мээнетиңиздердин акыбети кайтсын! Май майрамы ар бир үйгө ынтымак жана береке алып келсин. Мамлекетибизде  ар дайым тынчтык, биримдик жана өнүгүү болсун!

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                  Сооронбай  Жээнбеков”.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү