21
Май
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Энелер күнү менен куттуктоосу
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Энелер күнү менен куттуктайт. Төмөндө куттуктоонун тексти :
“Кымбаттуу энелер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Энелер күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бизде эзелтеден бери энелерди өзгөчө барктап, ар дайым аларга сый урмат көрсөтүү - коомдун жашоо нормасына айланган өлкөбүз. Кыргызстандын тарыхында, азыркы турмушунда жана келечегинде энелердин орду өзгөчө. Жарандардын руханий көрөӊгөсү, мекенге болгон сүйүүсү, коомдо адилеттиктин бийик бааланышы энелердин мээриминен башталат. Мамлекетибиздин күчтүү, коомубуздун ынтымактуу болушу энелердин таалим-тарбиясына барып такалат. Энелер үй-бүлөлүк түйшүктү өтөө менен чогуу мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө арбын салымдарын кошуп келе жатышат. Биз бүгүн гана эмес, ар дайым апаларга таазим этип, урмат-сый көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Энелерге болгон ыйык сезим - ынтымактуу коомдо, өнүккөн мамлекетте бактылуу жашоонун негизин түзөт. Урматтуу Энелер, Сиздерге бекем ден соолук каалайм. Жашооңуздарды бактылуу жылдар, кубанычтуу күндөр коштоп, жүзүңөрдөн эч качан күлкү кетпесин. Ар дайым бар болуңуздар, өмүрүңүздөр узун болсун!».
Кыргыз Республикасынын Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү