01
Март
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге «Северная» шахтасында болгон кырсыкка байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге «Северная» шахтасында адамдардын курмандыгына алып келген жардырууларга байланыштуу көңүл айтты.
“Россия Федерациясынын Коми Республикасындагы «Северная» шахтасында көптөгөн адамдар курман болгон кырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым”, - деп айтылат Өкмөт башчысынын көңүл айтуусунда.
Темир Сариев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабырлануучулардын бардыгына алардын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экендигин билдирип коюуну өтүндү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү