23
Июнь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин мамлекеттик кызматкерлер күнү менен куттуктоосу
Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Мамлекеттик кызматкерлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бириккен Улуттар уюмунун демилгеси боюнча, бул майрам бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргыз Республикасында белгиленет.
Мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгү жеңил эмес жана туруктуулукту жана берилип иштөөнү талап кылат. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү милдетин чечүүдө мамлекеттик кызматтын маанилүү ролу талашсыз. Сиздердин талыкпас жана кажыбас эмгегиңиздер өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүнүн негиздерин олуттуу түрдө чыңдап, аны өнүктүрүүгө салым кошот.
Өз өмүрүңүздөрдү мамлекетке кызмат кылууга арноо менен сиздер аны адамдарга кызмат кылууга жумшоодосуздар. Өлкөдө жүрүп жаткан прогрессивдүү саясый жана экономикалык өзгөрүүлөр учурунда сиздерге алдыга коюлган интеграциялык пландарды жана программаларды ишке ашыруу боюнча чоң жоопкерчилик артылат. Мамлекеттик кызматкердин эмгеги калк үчүн жоопкерчиликтүү жана жемиштүү иштин, ошондой эле тартиптин жана жогорку кесипкөйлүктүн үлгүсү катары саналат.
Мамлекеттик кызматтын негизги максаты Кыргызстандын ар-тараптуу өнүгүүсүн камсыздоого жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга шарт түзүү болуп саналат. Сиздер бул ардактуу жана жоопкерчиликтүү ишти татыктуу аткарып жаткандыгыңыздар кубандырат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, өз кезегинде, мамлекеттик кызматтын калыптануусуна жана өркүндөтүлүшүнө көмөктөшүү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды кабыл алууда.
Бардыгыңыздарды жетишилген ийгиликтер менен чектелип калбоого жана мындан ары карай дагы Кыргызстан элине кызмат кылууга чакырам.
Өзүмдүн жеке атымдан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан дагы бир ирет Мамлекеттик кызматкерлер күнү менен куттуктайм!
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев