22

Февраль

2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Каарман Мекен коргоочулары!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана өзүмдүн атымдан сиздерди Ата Мекенди Коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Өзгөчө Куралдуу Күчтөрдүн курамында кызмат өтөгөн жана кызмат өтөп жаткан аскерлерди, өз өмүрүн Мекенди коргоого арнаган офицерлерди, генералдарды куттуктагым келет.

Бул майрам - мекенди сүйүүнүн, баатырлыктын жана эр жүрөктүүлүктүн майрамы.

Эзелтеден элибиз Ата Мекенди коргоону ыйык милдет катары көрүп, эр жигит Ата Журттун ишенген тиреги, эң кыйын сыноолордо майтарылбас кайраттуулуктун, каармандыктын үлгүсү болгон. Ушул ыйык салтты улап, бүгүн да өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактоо милдети ар бирибизге жүктөлгөн.

Өлкөбүздүн ар бир жараны бул ыйык милдетти жакшылап түшүнүп, аны ак ниеттик менен аткарат деп ишенем.

Бүгүнкүдөй коопсуздук эң башкы маселеге айланган заманда өлкөбүздүн тынчтыгы, чек араларыбыздын бекемдиги жана жарандарыбыздын коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ болуп турат.  Бүгүн тынчтыктын баасы, баркы болуп көрбөгөндөй артып, ал үчүн жоопкерчилик ар бирибиздин мойнубузда экени экенин түшүнүүдөбүз.

Ошондуктан,  ар кандай чакырыктарга туруштук берүү үчүн баарыбыз биримдикти бекем сактап, Мекен коргоочулары өз милдетин  ар намыс жана ак ниеттик менен аткарышы керек.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындай кырдаалды толугу менен түшүнүп, Куралдуу Күчтөрүбүздүн абалын чыңдоого жана жакшыртууга бардык аракетин көрүп жатат. Өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрү жыл өткөн сайын  күжүрмөн даярдыгын жана материалдык-техникалык базасын чыңдап, Мекенибизди коргоого жөндөмдүүлүгүн күчөтүүдө.

Жыл өткөн сайын заман өзгөрүп, жаңы баалуулуктар жана милдеттерди алдыбызга коюуда. Учурда Мекенди коргоо, туулган жериңдин кызыкчылыгын коргоо үчүн колубузга курал кармап чек арада гана турбастан, кайсы тармак болбосун ак эмгек, ак ниеттүү ишибиз менен өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдоо жана туруктуулугун сактоого мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Кымбаттуу Мекен коргоочулары!

Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды дагы бир жолу Ата Мекенди Коргоочулардын күнү менен куттуктап, чың ден-соолук, бакыт-таалай, келечекке зор ишеним, Мекенибизге тынчтык, бейпилдик жана туруктуу өнүгүү каалайм!

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                      Темир Сариев»