18

Июнь

2015

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Рамазан айына карата куттуктоосу

Урматтуу агаин-туугандар!

Урматтуу мусулмандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын өкмөтүнун жана өзүмдүн атыман Орозо айынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айы мусулман дүйнөсүндө эң Ыйык ай катары эсептелип келет. Рамазан күндөрү ар бир адам өз алдынча ыклас кылып, өзүнө, үй-бүлөөсүнө, өлкөсүнө жакшылык ниеттерди ыроолоп, аруу тилектерди бири-бирине каалайт. Орозо айында адам орозо кармап, ички жан дүйнөсүн тазартып, руханий аруулукка эгедер болот. Бул айдын Ыйыктыгы ыймандын тазалгына умтулуусунда, адамдагы эң бийик – адамдык сапатты сактап калууга тилек кылып, келечектен жакшы үмттөрдү самап, элди биримдикке, ынтымактуулукка, кечиримдүүлүккө, өз ара түшүнүүгө, урматтоого жана сыйлоого чакыруу.

Рамазан абалтан ата-бабабыз ыйык тукан ай, бүгүн да өзүнүн нукура маанисин жоготкон жок. Отуз күндүк Орозо айы жан-дүйнөнү агартуунун жана тазартуунун айы. Жакшылыкка болгон үмүттүн айы.

Мына ушул Ыйык айдын алдында бардык агаин – туугандарыбызды, өлкөбүздүн жарандарын, жалпы мусулмандарды босогодо турган Орозо күнүнүн башталышы менен куттуктап, элибизге таза пейил, таза ниет, ынтымак-ырашкерликти каалайм.

Туткан Орозоңуздар кабыл болсун!

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                  Темир Сариев