18
Сентябрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министриТ.А.Сариевдин Кыргыз Республикасынын токой кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоосу
Урматтуу токой тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын токой тармагынын кызматкерлеринин түйшүктүү, чоң жоопкерчиликтүү жана өтө сыймыктуу болгон кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бардыгыңыздарга чын ден-соолук, ишиңиздерге зор ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бакыт каалайм. Өлкөбүздө тынчтык болуп, жерибизге кут конуп, элибизде ынтымак болсун.
Токой жаратылыштын бөлүгү катары адам баласынын жашоо-тиричилик чөлкөмүнүн негизги булагынын бири болуп саналат. Дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүндө токойлор бирден бир мааниге ээ. Токой калктын материалдык керектөөлөрүн, курулуш материалдары, отун, тамак-аш, дары-дармек менен камсыз кылууда ресурс булактары катары кызмат кылат. Ошондой эле токой тармагын өнүктүрүү жашоонун бардык формасын колдоодо, элдин социалдык абалын жакшыртууда, кайра иштетүүчү ишканалардын иштөөсүнө, жаштарды жумуш менен камсыз кылууда түзүлгөн маселелерди бир кыйла жеңилдетет.
Кыргызстанда 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасы ишке ашырылып жаткан учурда, анын бир максаты болуп – айлана чөйрөнү сактоого, экономиканын өсүшүндө бакубат жашоого, токой ресурстарын сактоо үчүн мамлекетибиздин токой каптаган аймагынын деңгээлин 5,62 % өнүгүшүнө көмөк кылышыбыз керек.
Сиздердин алдыңыздарда көптөгөн милдеттер турат: токойлордун аянтын кеңейтүү, аяр мамиле менен чарбалык иштерди алып баруу, жаңгак-мөмө экме токойлорун сорттуулугун жана породалык курамын жакшыртуу, экологиялык талаптарды так сактоо жана эң негизги – кыргыз токойлорун көбөйтүү жана кийинки муундарга сактап калуу.
Сиздердин талбаган эмгегиңерге замандаштарыбыз дагы, келечек муундар дагы татыктуу баасын берерине ишенем.
Ишиңиздерге ийгилик, бардыгыңарга чын ден соолук жана узак өмүр каалайм!
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.А.Сариев