18

Октябрь

2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бүткүл Дүйнөлүк маданий форумдун ачылыш салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бүткүл Дүйнөлүк маданий "Тайху" бешинчи форумунун (Кытай Эл Республикасынын Пекин шаары) ачылыш салтанатына катышты.

Иш чаранын ачылыш аземинде сөз алган вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова КЭР Төрагасы Си Цзинпин демилгелеген аталган долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Мындай иш чаралардын бири катары сентябрь айынын башында Ысык-Көл жээгинде болуп өткөн үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары болуп саналат. Аталган иш чара дүйнө коомчулугунун колдоосун таап, дүйнө элдеринин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жөндөмдүү иш чара болуп калганына терең ишенебиз»- деди вице-премьер-министр.

Мындан тышкары мекендешибиз, улуу жазуучу жана ойчул, өзүнүн чыгармаларында ааламдашуу жана азыркы заманбап коомдун маселелерин эске салган Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин дүйнө белгилеп жатканын белгиледи.

Форумдун ачылыш салтанатына бир катар чет өлкөлөрдөн анын ичинде Азербайжан, Италия, Польша, Египеттен келген жетекчилер жана бийик даражалуу коноктор катышты.

[su_carousel source="media: 124554,124555,124556" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү