19
Март
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова БУУ Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын сессиясында баяндама жасады
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Нью-Йорк шаарында БУУ Штаб-квартирасында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 63-сессиясынын алкагында «Социалдык коргоо жана жумуштуулук жаатындагы саясатты, тейлөөнү жана бюджетти гендердик талдоого алуу. Туруктуу өнүгүү максаттарын улутташтыруу контекстиндеги көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр» темасында баяндама жасады.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз баяндамасында белгилегендей, Кыргыз Республикасы адам укуктары жана гендердик теңчилик боюнча маанилүү эл аралык милдеттемелерди, анын катарында Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияны, Пекин Аракеттер платформасын кабыл алган жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык күн тартибине кошулган.
«Кыргыз Республикасы өнүгүү боюнча өнөктөштөр, жарандык коом институттары жана жеке сектор аралык ачык өнөктөштүк жана кызматташтык принциптерин ырааттуу жана тутумдуу карманат. Республикада 2017-жылы Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу алкагында социалдык коргоо жаатындагы саясат жана тейлөөлөр комплекстүү талдоодон өткөрүлгөн, анда улуттук гендердик саясат, социалдык коргоо, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды колдоого алуу, балдарды коргоо, миграция жана жумуштуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана социалдык тейлөөлөрдү борбордон алыстатуу сыяктуу ар кыл улуттук жана тармактык саясаттар ортосундагы ажырымдар орун алгандыгы байкалган», - деди ал.
Вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө социалдык коргоо тутумуна жана анын саясат менен байланышына адам укугу жана гендердик теңчиликке негизделген көп тармактуу мамиле иштелип чыгышы абзел. Билим берүүгө, репродуктивдик ден-соолук жаатындагы тейлөө көрсөтүүгө, кайра окутууга, кесипкөй көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, татыктуу эмгекке, ишкер көндүмдөрдү колдоого алууга, кичи жана орто ишканаларды өнүктүрүүгө басым жасалышы абзел.
Ошондой эле ал социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган маанилүү документтердин кабыл алынышы жөнүндө кыскача маалымдады.
2018-жылы Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга карата өнүктүрүү Улуттук стратегиясы кабыл алынган. Аталган Улуттук стратегиянын алкагында социалдык кызматтарды алуучулардын жеке муктаждыктарына негизделген социалдык колдоо тутумун түзүү пландаштырылууда.
«Парламент тарабынан Кыргыз Республикасын 2018-2022-жылдары өнүктүрүүнүн «Биримдик. Ишеним. Жарамандык» Программасы кабыл алынган. Бул Программа минималдык керектөөлөрдү гана эмес, татыктуу жашоо үчүн зарыл болгон деңгээлде кыйла аярлуу жарандарга социалдык көмөк көрсөтүүгө багытталган. Ошондой эле 2018-2022-жылдарга карата Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо Программасы бекитилген, ал үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, коомдун жашоосундагы үй-бүлөнүн ролун жогорулатууга, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоого максатталган», - деп билдирди ал.
Вице-премьер-министрдин айтымында, Программанын негизги милдеттери үй-бүлөгө ал өзүнүн башкы максаттарын аткаруусу үчүн шарттарды түзүү (экономикалык, репродуктивдик, тарбиялык, психологиялык); мамлекеттик, коомдук институттардын, бардык жарандардын үй-бүлө институтун бекемдөө жана өнүктүрүү, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча өнөктөштүгүн өнүктүрүү; үй-бүлө институтун бекемдөө жана өнүктүрүү, үй-бүлөлүк мамилелерде адеп-ахлактык салттарды сактоо, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин арттыруу; үй-бүлө жана балдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү болуп саналат.
Маалымдама: БУУ Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 63-сессиясында БУУга мүчө-өлкөлөрдүн делегаттары, эл аралык уюмдардын, Уюмдун аймактык жана функционалдык бөлүмдөрүнүн эксперттери, укук коргоо түзүм жана чет элдик жарандык коом өкүлдөрү катышууда.
Аялдардын абалы боюнча комиссиясы БУУ Экономикалык жана социалдык кеңешинин функционалдык органы болуп саналат жана аялдардын укугун коргоо жана аны алга жылдыруу боюнча эл аралык стандарттарды ишке ашыруунун обзору, аларды тийиштүү аткаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен алектенет.
[su_carousel source="media: 130524,130522,130523" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү