19
Октябрь
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ло Шуган менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ло Шуган менен жолугушту.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ло Шуган менен жолугушту
Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин жана ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Кытай тарап Жусуп Мамайдын китебинин вариантынын негизинде “Манас” операсын коюу максатында, 2019-жылы Кыргызстанда өтө турган кытай чыгармачыл тобунун гастролунун даярдыктары жөнүндө маалымат берди. Кытайда Жусуп Мамайдын китебинин негизинде “Манас” операсы кытай тилинде он ирет коюлган.
Ло Шуган Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына токтолуп: "Чынгыз Айтматов Кытайда абдан сыйлуу инсан болуп саналат. Аны Кытай жарандарынын абдан жакшы билишет жана эстешет. Жеке мен өзүм жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп тааныгам. Алардын ичинде “Биринчи мугалим”, “Ак Кеме” чыгармалары бар. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Кытайда Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш чараларды өткөрүү пландалган”- деп билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова эки өлкөнүн туристтик компаниялары ортосунда тыгыз кызматташтыкты орнотуу зарылдыгын баса белгиледи. Эки өлкө ортосунда маданий жана археологиялык мурастарды сактоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенишүү тууралуу сүйлөшүүлөр орун алды.
Тараптар Кыргызстандын аймагында адистер менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгы тууралуу өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.
[su_carousel source="media: 124598,124599" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү