24

Апрель

2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери ортосундагы милдеттенмелер бөлүштүрүлдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана өлкөнүн административдик ведомство жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлгөн кеңешмеде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери жоопкер болгон негизги багыттарды белгиледи.  Тактап айтканда, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов инвестиция, агроөнөр жай комплекси, реалдуу сектор, аймактык өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөйт. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын ишин, чек ара кызматташтыгы, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы интеграция маселелерин координациялайт. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн социалдык блогун көзөмөлдөйт. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров финансы-экономикалык жана фискалдык саясат маселелерине жоопкерчилик алат.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү