01

Июнь

2019

Кыргыз Республикасынын вице-премьери Жеңиш Разаковду Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов кабыл алды

Кыргыз Республикасынын вице-премьери Жеңиш Разаковду Түркмөнстандын Президенти  Гурбангулы Бердымухамедов кабыл алды.

«Менин досум жана бир тууганым – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго менин чын жүрөктөн чыккан каалоолорумду айта барыңыз. Биз боордош коңшуларданбыз, бир аймакта жашайбыз жана бири бирибизди колдошубуз керек. Арабызда ишке ашырыла элек потенциал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы потенциал бар. Биз аны колдонууга тийишпиз, анын ичинде Өкмөттөр аралык комиссиянын потенциалын дагы», – деп белгиледи Түркмөнстандын Президенти  Гурбангулы Бердымухамедов.

Өз кезегинде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматташууну мындан ары карай өркүндөтүүнүн жана өз ара кызыкчылыктардын бардык тармактарында  стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн колдоду.

Маектешүү учурунда ал Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын 2019-жылдын экинчи жарымында Кыргыз Республикасында өткөрүүнү сунуштады.

Түркмөнстандын Президенти  Гурбангулы Бердымухамедов кыргыз тарапты алдыдагы Каспий экономикалык форумунун иш-чараларына, ошондой эле форумдун алкагында уюштурула турган көргөзмөгө катышууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар суу-энергетикалык тармактагы, мунайгаз жана текстилдик, транспорттук-логистикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу Түркмөнстан Республикасынын Ашхабад шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

[su_carousel source="media: 133675" limit="16" link="image" title="no"]