20
Октябрь
2018
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары ЕЭК министрлери жана департаменттеринин жетекчилери менен ЕАЭБ актуалдуу маселелерин талкуулады
Москва шаарында 2018-жылдын 18-октябрында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрт фракциясынын депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги Атайы өкүлүнүн ЕЭК коллегия мүчөлөрү (министрлери) жана департамент жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү. Тараптар Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) боюнча өнөктөштөрү менен санитардык жана фитосанитардык ченемдер, бажылык жөнгө салуу, атаандаштык, маалыматташтаруу жана миграциялык саясатка тийиштүү өз-ара аракеттешүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.
Коллегия мүчөлөрү белгилегендей, улуттук парламенттер ЕАЭБдеги интеграцияны өнүктүрүүнүн көптөгөн маселери боюнча чечимдерди улуттук мыйзам чыгаруу бийлигинин органдарында келишимдерди жана макулдашууларды ратификациялоо аркылуу кабыл алышат. Дал ушул парламентарийлер ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандарына интеграция мүмкүндүк берүүчү бардык артыкчылыктарды жеткирип бере алат. Парламентарийлердин Комиссия менен түз диалогу жана тыгыз өз-ара аракеттешүүсү ЕАЭБдеги интеграцияны тереңдетүү, орун алган тоскоолдуктарды, алып таштоолорду жана чектөөлөрдү жоюу боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатат.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары продукциянын коопсуздугун камсыздоо, техникалык регламенттерди колдонуу, ветеринардык көзөмөл, электр энергиясынын, газ, мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногун түзүү боюнча, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Коллегия мүчөлөрү жана ЕЭК департаменттеринин жетекчилери бардык кызыктырган суроолорго кеңири жооп кайтарышты.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЕАЭБ иштери боюнча Атайы өкүлү Алмаз Сазбаков Комиссияга жолугушууну уюштуруусу үчүн ыраазычылык билдирди жана мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүп турууну сунуштады.