15

Март

2019

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кесепеттерин иликтөө боюнча биргелешкен тергөө топтору түзүлөт

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн окуя болгон жерде жүрөт.

Учурда кечээки күндөн бери Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн эки раунду өткөрүлдү.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өзгөчө белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар орун алган бардык маселелерди четтетүү жөнүндө эки жактуу ниеттерин билдиришти жана өз ара шарттарды талкуулашты. Ал баса белгилегендей, тажик тарап да жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Эки тараптан жабыркагандар боюнча биз биргелешкен тергөө топторун түзүүнү сунуштадык, ага эки өлкөнүн Башкы прокуратура жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү киришет», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Ал кошумчалагандай, кыргыз жана тажик тараптан калк арасында радикалдуу ниеттегилер жок.

«Бардык чечимдер биздин өз ара кызыкчылыктарга дал келүүгө тийиш. Бул маселе бүгүн чыгып жаткан жок жана биз жагдайды курчутпашыбыз керек», - деди вице-премьер-министр.

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр улантылат.

[su_carousel source="media: 130338,130339,130340" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү