22
Апрель
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарына байланыштуу маселелерди талкуулоо боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Фергана шаарында (ӨР) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарына байланыштуу маселелерди талкуулоо боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун жолугушуусуна катышты. Өзбек тараптын делегациясын Премьер-министрдин орун басары Элёр Ганиев жетектеген.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарынын ишине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштерди улантуу зарылдыгы тууралуу макулдашышты.
Мындан тышкары тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган участокторду сыпаттоону аяктоо максатында Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ишин күчөтүү зарылдыгы жөнүндө түшүнүшүүгө келишти.
[su_carousel source="media: 132134,132135" limit="23" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү