09

Август

2018

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 2 тилкеси макулдашылган

Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында үстүбүздөгү жылдын 1-7-августунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгынын өтүшүн чагылдыруу боюнча маселелер талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 2 тилкеси макулдашылган.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлган.

Бул жумушчу топтун кийинки жолугушуусу ушул жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын аймагында үстүбүздөгү жылга бекитилген Планга ылайык өтөт.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү