28
Октябрь
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд төрагасынын “Министр байланышта” акциясына катышуу жыйынтыгы
Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд төрагасы Дүйшөн Ирсалиев “Министр байланышта” акциясына катышты.
Эртең менен саат 08.00 Дүйшөн Ирсалиев Коомдук телерадио берүү корпорациясынын «Замана» программасына катышып, ал эми саат 09.00 «Биринчи радионун» түз эфиринде радио угуучулардын суроолоруна жооп берди.
Саат 12.00 «АКИпресс» маалымат агенттигинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жетекчилигинин басма сөз жыйыны өтүп, анда Фонддун үстүбүздөгү жылдын 9 айы үчүн ишмердүүлүк жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле аталган акция алкагында Дүйшөн Ирсалиев «Тазабек» маалымат агенттигине, «Слово Кыргызстана» жана «Вечерний Бишкек» гезиттерине интервью бермекчи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү