29

Октябрь

2013

Бүгүн, 29-октябрда, Вице-премьер -министр Камила Талиева Ысык-Көл  областында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйынына катышты.

“Ысык-Көл  облусундагы билим берүү, маданият, архив, спорт жана диний мекемелеринин  иштери жана алардын өнүгүү келечеги жөнүндө” деп аталган көчмө жыйында областтын бул тармактардагы көйгөйлүү маселелери жана аларды чечүү жолдору кеңири талкууга алынды.

 Вице-премьер- министр К.Талиева Жогорку Кеңештин аталган комитети өлкө аймагындагы маданий мекемелерди изилдөө иштерине жигердүү катышып жаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

Азыркы кезде областта жалпысынан алганда 265 маданий мекемелер иштеп жатат. Алар: театр, музейлер, китепканалар жана башка маданий өнүгүү мекемелери. К.Талиева областта жыл сайын жаңы маданий мекемелер ачылып, көркөм коллективдердин саны өсүп, алардын репертуарлары жаңыланып, музей жана китепканалардын фондулары жаңы материалдар менен толукталып жаткандыгын, бирок, ошону менен бирге маданият тармагында каржы маселесине байланыштуу чечилбей жаткан маселелер дагы да арбын экендигин белгиледи.

 Көчмө жыйынга Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин  төрагасы Каныбек Осмоналиев, USAID/FED программасынын директору Крегг Халстед, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев жана башка мамлекеттик, коомдук уюмдардын жетекчилери катышышып, өз ойлорун жана сунуштарын ортого салышты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү