19

Июнь

2015

Өкмөт 1-сентябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көтөрүү боюнча токтом кабыл алды

Бүгүн, 18-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев төрагалыгы алдында өкмөт мүчөлөрүнүн жумушчу жыйыны өттү.

Жыйын жүрүшүндө 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча комиссиясынын курамын аныктоо, 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу боюнча, республикалык бюджетте каралган  “Кыргыз Темир жолу” улуттук ишканасынын таза кирешесинин өлчөмүн төмөндөтүү  жана Кумтөр кени боюнча “Центерра Голд” ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн түзүлгөн консультативдик кеңештин курамына өзгөртүү киргизүү боюнча токтом кабыл алынды.

Жыйында 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча комиссиясынын курамына  Премьер-министр Темир Сариев жарандык коом өкүлдөрүнөн киргизүү тапшырмасын берди.

“Бул абдан орчундуу, тарыхый, саясий маселе. Бул маселени белгилөө боюнча комиссия түзүүнү Президент көтөрдү. Ошондуктан, биз комиссиянын курамын аныктоодо жарандык коом өкүлдөрүнөн турган коомдук комиссянын мүчөлөрүн да эске алуубуз зарыл"-деди Темир Сариев.

Ал эми Кыргыз Республикасынын жарандарынын пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу боюнча Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев баяндама жасады. Анын айтымында, 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта 40 жылдан ашык эмгек стажы бар эркектер, 35 жылдан ашык эмгек стажы бар аялдар  жана 1-топтогу майып пенсионерлердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүн 500 сомго жогорулатуу каралган. Бул үчүн Пенсиялык фонддон 845 миллион сом керектелет. Абылгазиев бул каражат каралганын кошумчалады. Жыйынтыкта өкмөт мүчөлөрү бул токтом долбоорун колдоду.

Ошондой эле жыйында өкмөт курамында өзгөртүүлөрдүн болгонуна байланыштуу Кумтөр кени боюнча “Центерра Голд” ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн түзүлгөн консультативдик кеңештин курамына Премьер-министр Темир Сариев, Финансы министри Адылбек Касымалиев, Экономика министри Олег Панкратов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору Алмазбек Кадыркулов, өкмөткө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов киргизилди.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү