20
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев Бишкектеги стадионду оңдоо жана коопсуздук шарттарын күчөтүү боюнча беш күн ичинде план иштеп чыгууну тапшырды
Бүгүн, 19-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргызстандын Футбол Федерациясынын президенти Семетей Султановду кабыл алды. Жолугушууда 16-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан жана Австралиянын футбол боюнча курама командаларынын беттишинин уюштуруудагы кемчиликтер тууралуу сөз болду.
Премьер-министр Темир Сариев аталган матчта Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары татыктуу оюн көрсөткөнүн белгилеп, футболчуларга, машыктыруучуларга жана Футбол федерациясына ыраазычылык билдирди.
“Кыргызстандык футболчулар жогорку деңгээлдеги оюн көрсөттү. Эң негизгиси, биздин команданын жеңишке болгон умтулуусу күч болуп, акыр-аягына чейин аракет кылышты”-деди Темир Сариев.
Ошол эле кезде беттишти уюштурууда бир катар мүчүлүштүктөргө жол берилгенин, аталган кемчиликтерди жоюу үчүн Футбол Федерациясы, Өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттиги аракет көрүшү керектигин билдирди.
“Бул жерде абдан чоң маселе бар. Бишкектеги стадиондун абалы, анын коопсуздук шарттары талапка жооп бербейт. Ошондой эле уюштурууда да бир катар кемчиликтерге жол берилген”-деп белгиледи Темир Сариев.
Премьер-министр оюнду уюштуруудагы кемчиликтерди териштирүү тапшырмасы Ички иштер министрлиги, Өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттиги жана Футбол Федерациясына берилгенин маалымдап, анын жыйынтыгы менен мындай кырдаалда жол бергендердин жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты.
Ошондой эле Темир Сариев Ички иштер министрлигине оюн учурунда коомдук тартипти бузуп, милиция кызматкерлерине кол көтөргөндөр тууралуу фото, видео тасмаларды, оперативдүү маалыматтарды иликтеп чыгуу жана массалык маалымат каражаттары жазып чыккан “айрым милиция кызматкерлери өз тааныштарын стадионго билетсиз киргизди” деген маалыматты териштирип, жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилгенин кошумчалады.
Футбол Федерациясынын президенти Семетей Султанов беттешти уюштурууда айрым кемчиликтер кетирилгенин моюнуна алып, билет алып, оюнга кире албай калган көрөрмандардан кечирим сурады. Анын айтымында, 30 жылдан бери Кыргызстанда мындай деңгээлдеги оюн болгон эмес. Ошондуктан, стадионго киши батпай калды.
Муну менен катар Семетей Султанов билет алып, бирок оюнга кире албай калган 1000 ашык күйөрманга компенсация төлөнүп берилгенин маалымдады.
Жолугушуу жыйынтыгында Темир Сариев Өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттиги жана Футбол Федерациясына спорттун иш-чараларды уюштурууда мындан аркы кемчиликтерди кетирбөө үчүн жана Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду оңдоп-түзөө, коопсуздук шарттарын күчөтүү боюнча 5 күн ичинде план иштеп чыгууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 57856,57857,57858" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү