05

Апрель

2013

Бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жанторо Сатыбалдиев Россия Федерациясынын энергетика министринин орун басары Анатолий Яновскийди жана “Газпром” ААКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Валерия Голубева менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда “Кыргызгаз” Ачык акционердик коомунун акция пакеттерин  менчиктештирүү боюнча макулдашуусунун жүрүшү талкууланды.

Бул маселе боюнча тараптардын  маселени бирдей түшүнүүсү белгиленди  жана  макулдашуу конструктивдик нукта жүрүп жатканын белгилейбиз. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү