22

Март

2013

Бугун, 22-мартта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри К.Талиева  БУУнун Азык-түлүк Программасынын алкаганда өткөн башталгыч  класстардын окуучуларын тамак-аш менен камсыздоо боюнча конференциясына катышты.

Башталгыч класстардын окуучуларын тамак-аш менен камсыздоо алардын ден соолугун чыңдоого карата көрүлүп жаткан мамлекеттик камкордук экендиги конференцияда негизги маселе катары каралды. Конференцияга тийиштүү министрликтердин жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты

Акыркы жети жылдын ичинде өлкөбүздө башталгыч класстардын окуучуларына тамак берүүгө 475 миллион сом бюджеттен бөлүнүнүп келген. Бул каржат менен Кыргызстандын булуң-бурчундагы мектептердин окуучулары бир стакан сүт же чай, бир булочка менен тамактанышууда. Мындай тамактандыруу бүгүнкү күндүн талабына толук жооп бербей жатканын эске алып, Өкмөт БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында балдарды мектепте тамактандыруудагы дүйнөлүк стандартта пайдаланган тажыйырбаны колдонуу маселесин конференцияда көтөрүп чыкты. Талкууда доклад жасаган К.Талиева: - “Балдарды тамак-аш менен мектепте камсыздоо баланын билим алуу мүмүкүнчүлүгүн кеңейтет. Анткени биздин аймактардагы калктын айрым катмары жакырчылыктын деңгээлинде жашагандыктан, башталгыч класстардагы билим алган балдар тамактануудан өксүп тургандыгы бизге белгилүү. Ошондуктан өлкөбүздүн бюджеттик таршытыгына карабастан, балдардын ден соолугун чыңдоо менен, алардын татыктуу билим алышына шарт түзүү мамлекеттин милдети”- деди. Жети жыл ичинде башталгыч класстардын окуучуларын тамак-аш менен камсыздоо системасы өзүн–өзү актабай жаткандыгы байкалган. Балдарга бөлүнгөн каражаттар максатсыз жумшалып, мамлекеттик бюджет чыгымга учурап жаткандыгы ачыкталган. Бул системаны жакшыртууга Өкмөт кызыкдар экендигин вице-премьер-министр конференцияда тастыктады. БУУнун Азык-түлүк Программасынын алкагында 3,5 жылдык мөөнөт менен Кыргызстанга техникалык камсыздоочу жардамдар көрсөтүлө тургандыгын бул уюмдун өкүлү билдирди.

 

Маалымат саясаты бөлүмү