05
Август
Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация маселелери боюнча кезектеги жыйыны өтөт
Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселелери боюнча Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу менен жолугушууга кетти.
2017-жылдын 5-13-август аралыгында Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында кыргыз-өзбек чек араларын тактоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу топторунун ортосунда кезектеги жолугушуулары өтөт.
Эскерте кетсек, сүйлөшүүлөр кайрадан жүргүзүлө баштагандан тартып, 2016-жылдын август айынан 2017-жылдын августуна чейин тараптардын Өкмөттүк делегациялары он беш жолу жолугушуу өткөргөн.
Бардык жолугушуулар конструктивдүү жана достук маанайда өтүүдө. Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусунан кийин тиешелүү протоколго кол коюлат.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматынын камсыздоо бөлүмү