09
Апрель
Кыргызстан менен Өзбекстандын Премьер-министрлери ортосунда телефондук сүйлөшүү болду
Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун ортосунда телефондук сүйлөшүү болду.
Өкмөт башчылар 7-апрелде кыргыз-өзбек чек арасында 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.Ф.М. өлүмүнө алып келген инцидентти талкуулашты.
Тараптар дүйшөмбү күнү, 9-апрелде, эки өлкөнүн чек ара кызмат жетекчилеринин, ошондой тийиштүү ведомстволордун деңгээлинде жолугушуу өткөрүү тууралуу макулдашты.
Биргелешкен жумушчу топ дыкат тергөө жүргүзүп, жакын арада анын жыйынтыктары тууралуу маалымат берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү