14

Ноябрь

2013

Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Евразия программаларынын Экономикалык шериктештик жана өнүгүү уюмунун атаандаштыгынын алкагында жана Германия коомчулугунун эл аралык кызматташтык боюнча “Кыргызстанда туруктуу экономикалык өнүгүүгө жардам” программасынын чүнчү кеңешмесин өткөрдү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар Кеңешинин Секретариатынын колдоосунда, Экономикалык шериктештик жана өнүгүү уюму тарабынан өткөрүлгөн,  Кыргызстандагы экономикалык саясатты туурасынан баалоонун жыйынтыгы чыгарылды. Төмөндөгү тандалып алынган үч багыт боюнча:

- кичи жана орто бизнести каржылоого мүмкүнчүлүк;

- жеке секторду өнүктүрүү үчүн талап кылынган көнүгүү;

- Кыргызстанда экспортту жана инвестицияны  демилгелөө.

Ошондой эле, жыйында реформалардын саясатын ишке ашыруу боюнча мерчемдерге негиз боло ала турган,  жогорудагы багыттар боюнча жумушчу топтордун жыйынтыктоочу сунуштары каралды жана жактырылды.

Ишке ашуучу мерчемдер Евразия программаларынын Экономикалык шериктештик жана өнүгүү уюмунун атаандаштыгы боюнча биринчи тегерек стол отурумунда Кыргыз Республикасынын расмий делегациясына сунушталат. Ал 2013-жылдын 3-4-декабрында Парижде Экономикалык шериктештик жана өнүгүү уюмунун атаандаштыгы уюмунун штаб-батиринде  өтөт.

Белгилөөчү жагдай, Кыргызстан Экономикалык шериктештик жана өнүгүү уюмуна кирген мамлекеттер менен экономикалык реформаларды ишке ашыруу боюнча өзүнүн иш чараларын талкуулаган бирден-бир өлкө болот. Ал Кыргызстандын Экономикалык шериктештик жана өнүгүү уюмунун алдында беделин көтөрөт жана инвестициялык кызыгуусун арттырат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү