14

Апрель

2015

Кыргызстан АИИБдин 37-уюмдаштыруучу-мүчөсү катары кабыл алынды

2015-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Азия инфраструктуралык инвестиция банкына (АИИБ) уюштуруучу-мүчө катары кошулуу ниетин жактыруусун тастыктаган кытай тараптын каты келип түшкөн. Кыргыз Республикасы АИИБ учурдагы уюштуруучу-мүчөлөрүнүн бир добуштагы консенсусунун негизинде анын 37-уюмдаштыруучу-мүчөсү катары кабыл алынды. АИИБ түзүү боюнча кезектеги сүйлөшүү процесси үстүбүздөгү жылдын апрель айынын соңуна пландаштырылган. Маалымдама: Азия инфраструктуралык инвестиция банкы (АИИБ) Азиядагы өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүүнү жакшыртуу үчүн финансылык колдоону камсыздаган көп тараптуу өнүктүрүү банкы катары түзүлүүдө. АИИБ максаты: 1. Максаттуу эсептелген инфраструктурага жана башка өндүрүштүк тармактарга инвестициялоо аркылуу Азиядагы экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү жана инфраструранын өз-ара аракеттенүүсүн орнотуу; 2. Өнүктүрүү жаатындагы милдеттерди чечүүдө аймактык кызматташууну жана шериктештикти өнүктүрүү, башка көп тараптуу финансылык институттар менен тыгыз кызматташуу. 3. АИИБ каржылоосунун келечектүү багыттары катары өнүгүп келе жаткан аймактык мүчөлөрдүн инфраструктурасына инвестициялоо, анын катарында энергетика, транспорт жана телекоммуникация, айыл чарбасы, суу менен камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана башка өндүрүштүк тармактарга инвестициялоо болуп эсептелет.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү