01

Июнь

2018

Кыргызстан жана Казакстан өз ара товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүүгө багытталган

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Эки жактуу жолугушуу  бүгүн, 1-июнда өтүүчү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү. «Кыргыз-казак союздаштык мамилелери тиешелүү динамикага жетишти. Активдүү саясий-экономикалык диалог сакталып, талашсыз түрдө эки жактуу өнөктөштүктү мазмундук толтурууну шарттаган бардык деңгээлдеги байланыштар жүргүзүлүүдө. Казакстан менен стратегиялык өз ара байланыштарды бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири», - деп белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Өкмөт башчы эки жактуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү потенциалы зор экенин баса көрсөттү. «Биздин президенттерибиз тарабынан өз ара сооданы 1 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүүгө багытталган милдеттер коюлган. Бул бизди өз ара товар айлантууну өстүрүү жана соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү үчүн шарттарды түзүү максатында өз ара тыгыз аракеттешүүгө түртөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Өз кезегинде Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки мамлекеттин башчылары тарабынан Өкмөттөрдүн алдына коюлган пландарды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи. «Казак тарап эки жактуу алакаларды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган ар кандай демилгелерди дайыма колдоого даяр», - деп кошумчалады ал. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчылар Казакстанда Премьер-министрлердин төрагалыгы алдында 7-чи Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишишти. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. [su_carousel source="media: 117774,117775,117776,117777,117778,117779,117780" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү