22

Октябрь

2018

Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында 15-21-октябрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүн тактап жазуу боюнча маселе талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки тилке макулдашылып, тийиштүү протоколго кол коюлган. Эки өлкөнүн Премьер-министрлери тараптан 2018-жылга бекитилген жолугушуулардын план-графигине ылайык, жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү