15
Сентябрь
Кыргызстанда 2014-жылдын бери аймактардагы ички жолдорду оңдоого эле 3 млрд 871 млн сом бөлүндү
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, бул каражатка өлкөдө 400 чакырымдан ашык жол курулуп жана оңдолуп жатат. Анын ичинен 850 миллион сом өлкө аймактарындагы 115 чакырым ички жолдорду оңдоого жана 162 миллион сом чек ара аймактарындагы 60 чакырым жолду оңдоого берилген.
Эң ири долбоорлордун катарында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана, Ош-Сары-Таш-Эркештам, Кара-Кулжа-Алай-Куу жолдору кирет. Мындан сырткары Алай, Кара-Суу, Лейлек, Аксы, Ысык-Ата, Түп, Тоң, Нарын райондорундагы ички жолдордун абалын жакшыртууга да өзгөчө көңүл бурулууда.
Ал эми 2016-жылы ишке аша турган ири долбоорлордун катарын Чолпон-Ата-Алматы жана Балыкчы-Корумду жолдорунун курулушу башталат. Ошондой эле Кара-Балта жолун оңдоо планы да келерки жылдагы башкы планга кирген.
2015-жылы Бишкек шаарынын ички жолдору да бир топ оңдоодон өттү. Ага Жал, 9-8-6 кичи райондору, Маевка, Фучик, Курманжан-Датка жана башка көчөлөрдөгү негизги каттамдар жүрүүчү аймактрданы баары оңдоодон өттү.
Буга байланыштуу 12-сентябрда Премьер-министр Темир Сариев жыйын өткөрүп, алдыдагы пландарды кыска убакыт аралыгында талапка жооп бергидей аткарууну тапшырды. Өкмөт башчы унаа жана байланыш министрлигине инспекциялык топторду түзүп, курулуш иштери жүрүп жаткан жерлерге чыгып кɵзɵмɵлдɵɵ ишин жүргүзүүнү тапшырды.
«Жол оңдоо жана куруу иштери кыш түшкɵнгɵ дейре жйынтыкталышы керек, мында ɵзгɵчɵ кɵңүл жолдордун сапатына бурулушу кажет. Биз жол инфраструктурасын жакшыртууга колдон келген аракетти жумшап, жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүбүз керек. Мындан тышкары, жолдордун жакшырышы ишкердүүлүк жана соода жүгүртүүнү ɵнүктүрүүгɵ түрткү берип, жаңы мүмкүндүктɵрдү ачып, ɵлкɵнүн чар тарабында инфраструктуранын комплекстүү ɵнүгүүсүн шарттайт»,- деп белгиледи Темир Сариев.
Ошондой эле чектеш аймактарда айланма трассалардын курулушу каралып, натыйжада жергиликтүү тургундар анклавдарды кесип ɵтпɵстɵн, ыңгайлуу жолдорго ээ болот.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү