08

Декабрь

2016

Кыргызстанда терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик программа иштелип чыгат

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 7-декабрда, Кыргыз Республикасында терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков терроризм жана диний экстремизм коркунучу глобалдык мүнөзгө ээ болгондугун эске алуу менен аталган Программанын маанилүүлүгүн белгиледи. Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, өзгөчө көңүлдү коомдогу диний экстремизмдин алдын алууга, тактап айтканда, таасири күчтүү эсептелген жаштар арасындагы алдын алуу чараларын күчтөндүрүүгө буруу зарыл. Жеңиш Разаков мамлекеттик органдардын өз-ара аракеттешүү деңгээлин жогорулатууга, анын катарында укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экстремисттик террористтик ишмердүүлүк фактыларына бөгөт коюу жана коопсуздук тутумун чыңдоо деңгээлин жогорулатуу зарыл экендигине басым жасады. Белгиленгендей, Программанын негизги максаты диний экстремизм көрүнүштөрүнүн алдын алуу жана терроризм коркунучтарынын алдын алуу аркылуу мамлекеттин жана коомдун коопсуздугун камсыздоо болуусу тийиш. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топту түзүүнү тапшырды. Ведомство аралык жумушчу топту Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жетектейт.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү