25

Март

2017

Кыргызстандын айыл-чарба жана өнөр-жай продукциялары Казакстандын Тараз шаарындагы жарманке-көргөзмөгө коюлат

Кыргызстандын айыл-чарба жана өнөр-жай продукциялары Казакстан Республикасынын Жамбыл областынын Тараз шаарында бүгүн, 25-мартта өтүп жаткан жарманке-көргөзмөгө коюлат.

Иш чарага Талас облусунун бардык айыл өкмөттөрүнөн айыл чарба азыктарын өстүргөн дыйкан-фермерлер, ишкерлер катышат. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев облустагы дыйкан-фермерлер үчүн жарманкенин мааниси чоң экенин билдирди.

«Анда эки облустун мекеме-уюмдарынын, бизнес өкүлдөрүнүн жана айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда мындан ары кызматташуу боюнча келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлат. Анын натыйжасында экспорттун көлөмүнүн жогорулоосу болжолдонууда. Мындай келишимдер Талас облусунун социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына да өбөлгө түзөт. Эске салсак, Талас облусунун Кара-Буура районунда 9-мартта фитосанитардык жана фетеринардык лаборатория ачылды. Мындай мүмкүнчүлүк менен облустун дыйкандары үчүн азыктарын коңшу мамлекеттерге экспорттоого шарт түзүлдү», - деди Дайыр Кенекеев.

Тараздагы иш-чара маданий концерттик программа менен коштолуп, эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо максатында улуттук буюмдардын жарманкеси да өткөрүлөт.

Эки өлкөнүн аталган облустар ортосундагы соода-экономикалык жана маданий гуманитардык алакаларын бекемдөө максатында өтүп жаткан Казакстандын Тараз шаарында Кыргызстандын айыл-чарба жана өнөр-жай продукцияларынын жарманке-көргөзмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунда уюштурулууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү