18
Март
Кыргызстандын Өкмөтүнүн делегациясы КМШ Экономикалык кеңешинин 73-жыйынынын ишине жана КМШ Эл аралык экономикалык форумуна катышты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 73-жыйынынын ишине жана «КМШ – келечекке көз караш» Эл аралык экономикалык форумуна катышты.
Аталган эл аралык иш чарада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетектеди.
КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынында инновациялык кызматташуу, миграция, радионавигация, транспорт жана айыл чарба тармагы боюнча маселелер каралды.
КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынынан кийин, КМШ Эл аралык экономикалык форуму өттү.
Форумда сөз сүйлөгөн вице-премьер-министр Олег Панкратов КМШ эң маанилүү маселелерди талкуулаган, элдер арасында тыгыз кызматташтыкты сактап турган, ЖККУ, ЕврАзЭС сыяктуу КМШ жалпы мейкиндик сактап турган аны менен катар Бажы биримдигине жана ЕАЭБ ыңгайлашкан жалпы аянт болуп кала бере турганын баса белгиледи.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов ошондой эле 2017-жылы Кыргыз Республикасы ЕАЭБ төрагалык кылуусунун приоритеттүү багыттарын айтып берди.
КМШ Форумуна Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, Казакстан Респуликасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин, Аткаруу комитетинин төрагасы – КМШ аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.
[su_carousel source="media: 91634,91635" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү