28

Март

2018

Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөт башчыларынын төрагалыгы алдында эки өлкөнүн чектеш облустарынын жетекчилер кеңешинин алгачкы жыйыны өтөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 29-мартта, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер кеңешинин алгачкы жыйынынын ишине катышат. Өзбек делегациясынын башында өлкөнүн Премьер-министри Абдулла Арипов турат.

Кеңеш эл аралык деңгээлде байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн чектеш облустарынын кызматташтыгын кеңейтүү максатында 2017-жылдын 5-7-сентябрында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке келген мамлекеттик сапарында Кыргыз Республикасынын чектеш облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешин түзүү боюнча кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрү ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга ылайык түзүлгөн.

Алгачкы Кеңештин жыйынын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курамында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Өкмөттүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш регоиндордун аймактык органдарынын жетекчилери бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү