03

Сентябрь

2018

Кыргызстанга Азербайжан Президенти Ильхам Алиев келди

Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасына Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев келди. 

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.

Ильхам Алиев Кыргызстанга 2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине катышуу үчүн келди.

Маалымдама: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – бул заманбап түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө-мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттер катары Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы саналат.

Белгилесек, быйыл Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги төрагалык Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өтөт. 

[su_carousel source="media: 122113,122114,122115" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү