07

Июнь

2016

Кыргызстанга Азербайжандын Премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглы келди

Кыргызстанга Азербайжандын Премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглы баштаган Азербайжан Республикасынын делегациясы келди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда Азербайжандын Премьер-министринин биринчи орун басарын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.

Ягуб Эюбов Абдулла оглы Бишкек шаарында 7-июнда Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү