13

Июнь

2019

Кыргызстанга Беларусь Президенти Александр Лукашенко келди

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Беларусь Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. [su_carousel source="media: 134208,134209,134210" limit="16" link="image" title="no"]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү