02
Сентябрь
Кыргызстанга Фуджейранын ханзаадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки келди
Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасына Фуджейра эмиратынын ханзаадасы (Бириккен Араб Эмираты) Улуу урматтуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шаркини Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды. Улуу даражалуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки Кыргыз Республикасына жумушчу сапар менен келди.
Сапар алкагында ханзаада Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат. Улуу даражалуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки ошондой эле бүгүн Ысык-Көл жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.
[su_carousel source="media: 122089,122090,122091,122092,122093,122094,122095" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү