16
Сентябрь
Кыргызстанга Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Бяшиммурад Ходжамаммедов келди
Бүгүн, 16-сентябрда, Кыргызстанга Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Бяшиммурад Ходжамаммедов келди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Бяшиммурад Ходжамаммедов 16-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар Кеңешинин юбилейлик жыйынына катышуу үчүн келген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү