07
Июнь
2016
Кыргызстанга Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода келди
Кыргызстанга Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода жетекчилик кылган Тажикстан Республикасынын делегациясы келди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда Тажикстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода 7-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү