02

Сентябрь

2018

Кыргызстанга Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан келди

Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасына Венгрия Эл Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбан келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Виктор Орбанды Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.

Виктор Орбан Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди.

Сапардын алкагында Венгриянын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Ошондой эле Виктор Орбан 2-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.

[su_carousel source="media: 122081,122082,122083,122084,122085" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү