03
Сентябрь
Кыргызстанга Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев келди
Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасына Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.
Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине катышуу үчүн келди.
Маалымдама: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – бул заманбап түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө-мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттер катары Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы саналат.
Белгилесек, быйыл Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги төрагалык Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өтөт.
[su_carousel source="media: 122122,122123,122124,122125,122126,122127" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын1Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү