22

Март

2019

Кытай Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди Нооруз майрамы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Нооруз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу Премьер-министр мырза,

Кытай Жаз майрамына байланыштуу Сиздин куттуктоо жолдогонуңузга чын дилден ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиз. Кытай Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана калкын салттуу Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өткөн жылдын октябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынында биз достук сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Бир алкак - бир жол» демилгесин биргелешип курууну жайылтуу жана биздин өлкөлөрдүн ар кыл тармактарда кызматташуусун тереңдетүү боюнча пикир алмашканбыз. Биз консенсуска жетиштик. Мен кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелери үзгүлтүксүз жаңы жыйынтыктарга жетишип жана өлкөлөрүбүз жана элибиз үчүн зор жакшылыктарды алып келүүсүнө Сиз менен бирге күч-аракеттерди жумшоого даярмын.

Сизге бекем ден соолук жана ишиңерге ийгилик, ал эми достош Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана бакубатчылык каалайм».

[su_carousel source="media: 130678" limit="66" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү