24

Апрель

2018

КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Куттуктоодо Ли Кэцян Кытай жана Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөр жана жакын коңшулар экендигин баса белгиледи. «Кытай Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиз. Сизге жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү