11

Февраль

2020

Кыргыз-Орус эриш-аркак алакасынын алкагындагы Ош облусундагы 3,7 млн долларлык иштер аткарылды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан ишке ашырылып жаткан туруктуу өнүгүү жана санариптештирүү жаатындагы аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди 

Россия Федерациясынын “Россия ПРООН” Трасстык фонду тарабынан 3 млн. 700 миң АКШ дол. каржылаган “Ош облусун интеграциялык өнүктүрүү” долбоорунун 3 жылдык жыйынтыгын чыгаруу жана старт алуу алдында турган Ош облусунда ишке ашуучу "Санариптик экономикадагы көндүмдөр жана Кыргыз Республикасында жаштарды жумуш оорду менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү” (1 млн. АКШ дол.) жана Баткен облусунда ишке ашуучу “Климаттык акылдуу сугат тутумун ишке киргизүү жана сел жүрүүдөн коргоо аркылуу Баткен облусунун климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун бекемдөө” (900 миң АКШ дол.) долбоорунун байкоочу кеңештеринин кошмо жыйыны болду.

Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан бул долбоор  5 бири бири менен айкалышкан компонеттен турат: 

1. Туруктуу айыл чарьасы, туризм, соода дана «жашыл» технологияларды алга жылдыруу;

 2. Айылдардын таза суу менен камсыз болуусу; 

3. Социалдык-экономикалык инфрасруктураны калыбына келтируу менен айыл тургундарынын бакубаттуулугун көтөрүү;

 4. Профессионалдык техникалык билим беруу системасын онуктуруу аркылуу калк учун кошумча жумуш орундарын түзүү;

 5. Жергиликтүү коомчулуктардын табигый кырсыктарга туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.

Жалпы көлөмү 3,392064 млн. долларга барабар 215 долбоорго колдоо көрсөтүлдү. Алардын бардыгы жергиликтүү өнүктүрүү программаларынын бөлүгү болуп саналат. 

Улуттук өнөктөштөрдүн долбоорду ишке ашыруудагы өздөрүнө алган жоопкерчилиги, алардын жергиликтүү демилгелерге катышкандыгы дагы бир ийгилик болуп саналат. 

КРнын Өкмөтү ишке ашырылган долбоорлордун жалпы көлөмүнүн 10дон 60ка чейинки пайызын кошо каржылап, жалпысынан 537 мин АКШ доллар олчомундо салым кошкон. · 

193 295 айыл тургуну спаттуу ичүүчү жана ирригациялык суу менен камсыз болушту. Долббордун алкагында 28 суу түтүктөр системасы, 5 ички чарбалык канал, 34 социалдык-экономикалык инфраструктура объекти калыбына келтирилип, 39 социалдык объектте санитардык-гигиеналык абал жакшыртылды. 

64543 бенефициар (33514 эркек, 31029 аял) жумуш табуу, каржыны башкаруу, табигый жана ондуруштук ресурстарды табуу, регионалдык жана эл аралык рынокторго чыгуу мумкунчулуктор жонундо сабактардан отушуп, билим алышты.  

2324 киши (1621 эркек жана 703 аял) узак мооноттуу жана убактылуу жумуш менен камсыз болушту. Коомдук жумуштарды аткарууда 2002 адам убактылуу жумуш менен алек болсо, 322 адам узак мооноттуу негизде жумушка орношту. Жалпысынан алганда 2015-2016-жылдарга салыштырмалуу жумушсуздуктун пайызы томондоо тенденциясына ээ болду. (2015 – 6%; 2016 – 5,5%; 2017 – 5,1%; 2018 – 4,2%).

Жыйынга чейин долбоордун өкүлдөрү жана Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары  ЖМК өкүлдөрүнө пресс-конференция беришти.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

Ош  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 

басма сөз кызматы